Небензя: Батыш Киевдин элге каршы жасаган кылмыштарынын катышуучусу болууда

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Батыш Украина жасаган кылмыштардын катышуучусу гана эмес, аны аткаруучулардын да бири болуп баратканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Батыш Киев режиминин Украина элине каршы жасаган кылмыштарынын катышуучуларынын бирине айланууда. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мурдагы батыштык өнөктөштөрүбүз өздөрүнүн Украинадагы кишилерин айыптагандын ордуна аларды улам жаңы курал-жарак менен камсыздап жатат", — деген Небензя.
Ал мындай аракеттери менен Батыш Киев режиминин карапайым калкка каршы жасаган кылмыштарынын катышуучуларынын бирине айланып жатканын белгилеген.
"Айрым артиллериялык системаларды жеткирген тараптын макулдугу жок колдонуу мүмкүн эместигин украин тарап деле ачык айтып жатат. Муну эске алганда Батыш кылмыштарды аткаруучулардын да бири болуп калууда", — деди Россиянын БУУдагы өкүлү.
Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынан улам Батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантууда. Москва мындай иш-аракеттер чыр-чатакты токтотпой, тескерисинче, созо турганын бир нече жолу айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германия ТИМ башчысы: курал-жарак Киев тургай өзүбүзгө жетпей жатат