БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Азербайжандын премьер-министри Али Асадов биринчи болуп Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Атага келип түштү.
Анын артынан эле Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келип конду.
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан ардактуу меймандарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.