БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Подмосковьеде аяктаган эл аралык "Армия – 2022" форумуна миңдеген адистер кызыгып, 72 мамлекет Россиянын курал боюнча лидерлигин бекемдешти. Коргонуу боюнча жогорку деңгээлдеги кубаттуу технологиялар көптөрдүн көзүнө түштү.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы куралдардын видеолорун жарыялады.
Орто мөөнөттөгү планында Россиянын Куралуу күчтөрү бир нече техниканын 3 700дөн ашык үлгүлөрүн колдонууга алат. Алар континент аралык баллистикалык "Сармат" ракетасынан тарта дизель-электрдик суу алдында жүрүүчү аралыктан башкарылчу кемелерге чейинки мыкты техникалар болду.