ЧОЛПОН-АТА, 25-авг. — Sputnik. Жаштардын аралашуусу КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө Евразия интеграциясынын жаңы векторлорунун бири болуп саналат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Атада өтүп жаткан I Жаштар форумунун ачылышында билдирди.
"Мындан аркы аракеттер биздин жаштардын чет мамлекеттер менен байланышуу географиясын дагы да кеңейтүүгө багытталат. Интеграциялык регионалдык бирикмелер Түштүк Америкадан Түштүк-Чыгыш Азияга чейин жетет", — деди Жапаров.
Анын айтымында, соңку он жылдыктагы практика дүйнөдөгү инновациялык потенциалды өнүктүрүүнү эффективдүү колдонгон мамлекеттерде жана уюмдарда стратегиялык артыкчылыктар болорун көрсөттү. Жаштар аны алдыга жылдыра турган негизги күч болуп саналат.
Өкмөт башчы бул форум ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын интеграциялык процесстеринин жаңы барагын ачарына ишеним артты.
"Мындай форумдарды өткөрүү өлкөлөрдүн жакшы салтына айланат деп ойлойм", — деди Жапаров.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму өтүп жатат. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 250дөн ашуун делегат катышууда. Жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана Евразия интеграциясын жайылтуу идеяларын талкуулашат.
Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны менен катарлаш өтүп жатат. Биринчи Жаштар форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиаөнөктөшү болду.