Президент УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Сүрөт

Турак жайлардын 306 үй-бүлөгө эсептелгени жана 1,5 жылдын ичинде курулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

2 / 5

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң роль ойноорун белгиледи

3 / 5

Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын белгилеген

4 / 5

Жапаров мамлекет аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттер жүргүзүлөрүн белгилеген

5 / 5

Мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айткан

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң роль ойноорун белгиледи.
"Террорчулукка, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер", — деген Жапаров.
Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын белгилеген.

"Мындай шартта мамлекеттин коопсуздугун камсыздоодо атайын кызматтын кызматкерлерине өзгөчө суроо-талап коюлат, ишеним артылат! Аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин учурунда чечүү алардын жана жаш муундардын Ата Мекенди коргоого болгон умтулуусун арттырат", — деген ал.

Жапаров мамлекет аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттер жүргүзүлөрүн белгилеген.
Мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айткан.
"Коомчулукта ар кандай кептер бар. "Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?" деген сөздөр айылууда. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек", — деген Жапаров.
Ал мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеген.
Жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салган.
Жапаров жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыгып, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жаңы конуштуу болушу менен дагы бир жолу куттуктаган.
Белгилей кетсек, бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.
УКМК Бишкекте жаңы имараттуу болду. Сүрөт