БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Запорожье АЭСинен Россиянын Куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча Владимир Зеленскийдин ультиматумун эч ким аткарбайт, себеби ал өзүн-өзү өлтүрө тургандай чечим. Бул туурасында Запорожье облустук администрациясынын мүчөсү Владимир Рогов билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Зеленский дүйнө коомчулугун Москвага басым кылып россиялык аскерлерди ЗАЭСтин аймагынан мажбурлап чыгарууга чакырган.
"Зеленскийдин ультиматумун адам түшүнө турган тилге которгондо бир эле нерсеге багытталууда. Ал АЭСти украин тараптын көзөмөлүнө кайтарып, өзүнүн ыплас бомбаларын түзүү боюнча экспериментин улантып, бүт дүйнөнү барымтага алып отургусу келип жатат. Зеленскийдин согушкерлери төрт айдан бери аткылап жаткан атомдук станцияны берүү өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар, албетте, мындай чечим кабыл алынбайт", — деди Рогов.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө украин тараптын аткылоосунан Россиянын абадан коргонуу системасы АЭСти кайтарып жатат.
"Бул Зеленскийдин террордук согушкерлеринин мизин кайтара турган бирден-бир кепили болуп берет. Зеленский бүт мүлкүн жоготкон шылуун, жай тургундардын канын төгүп, андан өзүнө пайда таап жатат. Россия — эгемендүү мамлекет жана аны менен эч ким ультиматум тилинде сүйлөшө албайт", — деп белгиледи Рогов.
Соңку апталарда Украина Куралдуу күчтөрү ЗАЭСке тынымсыз сокку уруп, масштабдуу өзөктүк катастрофа коркунучун туудурууда. Ансыз да "Каховка" подстанциясынын жогорку чыңалуудагы линиясын аткылашкан. Буга байланыштуу эки энергоблоктун кубаттуулугу азайтылган.