"Унаа" мекемеси колдонулган номерлерди металлга сатып 7,4 млн. сом тапты

Түстүү металлдын (алюминий) бир килограммы 99,36 сомго бааланган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлерин металл катары аукцион аркылуу сатты. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлерин металл катары аукцион аркылуу сатты.
Билдирүүгө ылайык, түстүү металлдардын салмагы 74,6 тоннаны түзүп, бир килограммы үчүн баштапкы баасы 90 сом деп белгиленген. Аукциондун жүрүшүндө наркы 99,36 сомго чейин көтөрүлүп сатылган. Ал эми түшкөн каражаттын жалпы суммасы 7 миллион 412,3 миң сомду түздү. Баары мамлекеттик бюджетке которулат.
Колдонуудан чыгарылган мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу максатында алар утилизацияланат.
Бишкекте муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн онлайн-аукцион башталды