Сентябрда Кыргыз драма театрында кандай спектаклдер тартууланат? Тизме

Театр 96-сезонун 6-сентябрда Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли менен ачат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры сентябрь айындагы репертуарын жарыялады.
Белгилей кетсек, театр 96-сезонун 6-сентябрда Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли ("Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде жазылган) менен ачат.
Сентябрь айында тартуулана турчу спектаклдер:
6-сентябрь, саат 18:30да — "Төлгө", Жалил Садыков;
7-сентябрь, саат 18:30да — "Төлгө", Жалил Садыков;
8-сентябрь, саат 18:30да — "Саманчынын жолу", Чыңгыз Айтматов;
9-сентябрь, саат 18:30да — "Абийир кечирбейт", Токтоболот Абдумомунов;
13-сентябрь, саат 18:30да — "Еңлик-Кебек", Мухтар Ауэзов;
14-сентябрь, саат 18:30да — "Үйлөнүү", Николай Гоголь;
15-сентябрь, саат 18:30да — "Карагул ботом", Токтоболот Абдумомунов (премьера);
16-сентябрь, саат 18:30да — "Карагул ботом", Токтоболот Абдумомунов;
17-сентябрь, саат 18:30да — "Күйөө бала", Саид Ахмад;
20-сентябрь, саат 18:30да — "Кылым карытар бир күн", Чыңгыз Айтматов;
21-сентябрь, саат 18:30да — Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованы эскерүү кечеси;
22-сентябрь, саат 18:30да — "Мармеладовдор", Фёдор Достоевский;
23-сентябрь, саат 18:30да — "Вестсайд окуясы", Эрнест Леман;
24-сентябрь, саат 18:30да — "Темир аял", Шараф Башбеков;
27-сентябрь, саат 18:30да — "Торостук зөөкүр", Азиз Несин;
28-сентябрь, саат 18:30да — "Чыңгызхандын ак булуту", Чыңгыз Айтматов;
29-сентябрь, саат 18:30да — "Кыз-күйөө", Мар Байжиев;
30-сентябрь, саат 18:30да — "Бейтааныш", Тунжер Жуженоглу.
Радио
Театр директору Куланбаев: Кыргызстанда балдар драматургиясы аксап жатат