БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Ульяновск облусунда көз жумган келиндин күйөөсү Кыргызстанга эмнеге келе албай жатканын түшүндүрдү.
Билдирмеге караганда, буга чейин айрым ЖМКлар Ульяновскиде каза болгон келиндин И.А. аттуу жолдошу Кыргызстанга жол эрежесин бузган айып пулдары бар үчүн келе албай жатканын жазып чыгышкан.
"ТИМ жана Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан тиешелүү иштер жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, И.А. аттуу жарандын жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдары топтолуп калган. Мындан улам анын иши карызды өндүрүп алуу үчүн сот аткаруучуларга өткөрүп берилип, Россиядан чыгууга чектөө коюлган. Азыркы тапта кыргыз жаранынын карызынан кутулуп мекенге кетүүсү үчүн болгон аракеттер жумшалып жатат. Элчилик И.А. жана Россиянын тиешелүү органдары менен байланышта", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп, 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыккан. Алардын сөөгү кечээ, 23-августта, Ошко жеткирилип, ӨКМдин атайын автоунаалары менен туулган айылдарына жеткирилген.