Шойгу: Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларын күчтөндүрөт

Министр Афганистанда диний радикализмдин идеологиясы жайылып, баңгизат жана чек арадагы кылмыш гүлдөп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Афганистандагы кырдаалдан улам Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларынын кагылыштарга даярдыгын күчөтөт. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия ар кандай кырдаалга даяр туруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларыбыздын жана башка күчтөрдүн даярдыгын жогорулатып жатат", — деди Шойгу.
Анын айтымында, "Ислам мамлекети"* жана "Аль-Каида" сыяктуу эл аралык террордук уюмдардын Афганистанда активдешип жатканы Борбор Азиянын коопсуздугуна олуттуу чакырык болуп саналат.
"Афганистанда куралдуу кагылыш уланып жаткандыктан социалдык-экономикалык кырдаал начарлап, диний радикализмдин идеологиясы жайылып, баңгизат жана чек арадагы кылмыш гүлдөп жатат", — деди министр.
Ал Россия Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык эл аралык демилгелерди колдой турганын айтып, аны менен катар Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрө турганын кошумчалаган.
Шойгу июнда Москвада Борбор Азия мамлекеттери менен Россиянын коргоо мекемелеринин жетекчилеринин биринчи жолугушуусу болгонун эске салып, анда Афганистандагы кырдаал жана аны жөнгө салуу маселеси көтөрүлгөнүн эске салды.
Россия: "Талибандын"* тушунда Афганистандан Борбор Азияга баңгизат агымы көбөйдү