Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дүйнө Киевден чарчадыбы? Украина министри кооптонуп жатканын айтты

Украиналык аткаминер муну Москва менен тирешүүдө Киев үчүн башкы коркунуч деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Украинанын коргоо министри Алексей Резников Россиянын атайын операциясынан улам дүйнө коомчулугунун Украинадан чарчаганынан чочулоодо. Бул тууралуу ал CNN телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Украиналык аткаминер муну Москва менен тирешүүдө Киев үчүн башкы коркунуч деп атаган.
"Муну чарчоо синдрому деп атайт элем, мен үчүн бул — башкы коркунучтардын бири. Дүйнө коомчулугу бизден чарчабашы, тажабашы үчүн алар менен иштешип, баарлашып, кызматташып турушубуз керек. Анткени бул биз үчүн өтө кооптуу", — деген Резников.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык полковник: Вашингтон тизгин тартпаса Украина бир топ аймагынан кол жууйт