БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ош шаарында мектеп директору болууга ат салышкан 14 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
23-августта Ош мамлекеттик университетинде билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин 17 бош кызмат орунуна сынак өткөн.
Алгач конкурска 72 адам документ жиберген. Бирок документин толук эмес тапшырып, сынакка келбегендерди чыгарып салганда компьютердик тестирлөөгө 31 талапкер катышкан.
Жыйынтыгында 14 педагог 60 пайыздык босого баллдан ашып, тесттен өттү деп таанылды.