Лиз Трасс зарыл болсо "өзөктүк кнопканы" басууга даяр. Захарованын жообу

Улуу Британияда жакында жаңы өкмөт башчы шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс эгер зарыл болсо, өзөктүк арсеналдын согуштук башкаруу системасын ишке киргизүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлады.
Трасс мындай билдирүүсүн шайлоо боюнча дебаттардын биринде айткан.
"Менин оюмча, бул премьер-министрдин маанилүү милдети. Зарыл болсо мен аны аткарууга даярмын", — деди Трасс журналисттин "өзөктүк курал колдонуу чечимин кабыл алууга туура келсе кандай кадамдарга барасыз?" деген суроосуна жооп берип жатып.
Ошондой эле ал премьер-министр болуп калса Россиянын дүйнөдөгү аракеттери тууралуу көбүрөөк чалгындап, бир топ сырларды ачарын убада кылды.
"Премьер-министр катары мен колумдан келгендин баарын жасайм, анын ичинде президент Владимир Путиндин тактикасын бүткүл дүйнөгө ачык көрсөтүп берем. Мен жетектеген өкмөт Кремлдин демократияны бузуу аракеттерин ашкерелөө үчүн чалгындоо маалыматтарын стратегиялык максатта колдонот", — деди ал.
Көп өтпөй ага Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналы аркылуу жооп берди.
"Лиз Трасстын биздин өзөктүк куралды сынап чалгындоо жүргүзүү боюнча билдирүүсү "Остин Пауэрс" (шпиондор тууралуу комедия жанрындагы фильм — ред.) сериалынын уландысына укмуштуудай сценарий болуп берчүдөй экен. Болгону "эл аралык масштабдагы сырдуу адамдын" ролун эми эркек эмес, аял ойномокчу", — деди Захарова.
Эске салсак, Улуу Британияда жакында жаңы өкмөт башчы шайланат. Бул кызматка учурдагы тышкы иштер министри Лиз Трасс менен мурдагы каржы министри Риши Сунак ат салышып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье бийлиги Зеленскийдин ультиматуму аткарылбай турганын билдирди