Пресс-борбор

Өлкөдө "Электрондук мектептин" ишке киргизилери айтылды. Ал кимдер үчүн

Министрликтин айтымына караганда, долбоорду каржылоонун суммасы эсептелген. Ал көп каражатты талап кылары, камера жана техникалык жабдууларды алыш керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда үйдө окугандар үчүн "Электрондук мектеп" деп аталган сынамык долбоор боюнча иштер жүрө баштады. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин Китеп басып чыгаруу, мектепте окутуу саясаты боюнча башкармалыктын жетекчиси Самаркүл Умралиева билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Кыргызстандагы бала бакчалар менен мектептерде коопсуздук кандай каралган?" деп аталган брифингге катышты.
Билим берүү жана илим министрлигинин Китеп басып чыгаруу, мектепте окутуу саясаты боюнча башкармалыктын жетекчиси Самаркүл Умралиева
"Быйыл электрондук мектеп боюнча сынамык долбоорду баштоо биринчи иштерден болушу керек деп эсептейбиз. Долбоор оорунун айынан жалпы билим берүүчү мектептерге бара албай үйдөн билим ала турчу балдарга арналган. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен алсак, мындай балдардын саны Кыргызстанда эки миңге жакын деп катталган. Аларга мугалимдер күн сайын келип турушат", — деген Умралиева.
Анын айтымына караганда, 15, балким 25 окуучудан турган класстарды комплектилөө маселеси каралып жатат.
"Биз финансылоо маселесин эсептеп чыктык. Ал көп каражатты талап кылат, камера жана техникалык жабдууларды алыш керек. Быйыл бул долбоор менен 100 баланы камтыйлы деп жатабыз. Бишкектеги №4 лицейдин базасында мугалимдер үчүн кааналарды түзөбүз ", — деген министрликтин өкүлү.