Жапаров менен Ташиев "Кумтөр" жамаатына жаңы жетекчиликти тааныштырып, талап койду

Өкмөт башчы жаңы жетекчилерге 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткарууну тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышкан

2 / 5

Билдирмеге караганда, Жапаров кеңешме өткөрүп, ишкананын жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду жамаатка тааныштырган.

3 / 5

Ошондой эле Болотбек Идирисов компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болгонун белгилеген.

4 / 5

Министрлер кабинетинин орун басары Камчыбек Ташиев

5 / 5

Жаңы дайындалган ишкананын президенти Алмаз Барыктабасов

Билдирмеге караганда, Жапаров кеңешме өткөрүп, ишкананын жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду жамаатка тааныштырган. Ошондой эле Болотбек Идирисов компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болгонун белгилеген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кумтөр кыргыз эли үчүн гана иштеш керектигин айтып, башка да талаптарды атады.
"Биз ишкананын менеджментинен натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши шарт. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбосун. Карьер бир секундага да ишин токтотпой, кемчиликтер жок иштегиле", — деген ал.
Жапаров жаңы жетекчиликке дүйшөмбүгө чейин министрлер кабинетине иш пландарын тапшырууну талап кылып, 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген норманы аткаруу зарылдыгын белгилеген.
"Кумтөрдө" финансылык мыйзам бузуулар болуп, Бөлтүрүк кызматтан четтетилди