Ал бүгүн УКМК кызматкерлерине 306 батирдин ачкычын тапшырды. Турак жайды курууга республикалык бюджеттен 522,7 миллион сом бөлүнгөн билдирди. Курулуштун бир чарчы метри 300 долларга бааланган.
"Коомчулукта ар кандай кеп бар. "Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?" деген сөздөр айылууда. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына, дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек", — деген Жапаров.
Ал мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгиледи. Жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.