Жол тыгынын азайтат. "Дордой" базары тарапта көпүрөнүн курулушу аяктап калды

Көпүрөнүн узундугу 31, туурасы 14,4 метрди түзөт. Ал эми жолдун жалпы аралыгы 1,1 чакырым.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкекте Эне-Сай жаңы конушундагы көпүрөнүн курулуш иштери аяктоодо. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкекте Эне-Сай жаңы конушундагы көпүрөнүн курулуш иштери аяктоодо

2 / 2

Билдирмеге караганда, учурда Гидростроительная көчөсү аркылуу Курманжан датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер жүрүп жатат.

Билдирмеге караганда, учурда Гидростроительная көчөсү аркылуу Курманжан датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер жүрүп жатат.
"Аламүдүн суусу аркылуу өткөн көпүрө Дордой жана Эне-Сай конуштарын бириктирип, "Дордой" базарына бараткан жолдогу автоунаа тыгынын азайтмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Көпүрөнүн узундугу 31 метр, туурасы 14,4 метрди түзөт. Жолдун жалпы аралыгы 1,1 чакырым, туурасы 8 метр. Эки тарабына туурасы 2,25 метр келген тротуар салынган.
Бишкекте 10 бала бакча салуу пландалууда. Алгачкылары 2023-жылы башталат