25-августка карата аба ырайы

25-августка караган түнү Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Таластын айрым аймагында, Ысык-Көл, Нарын аймагынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +18...+23 жана Нарын аймагында +19...+24 градус болот.
Бул күнү Чолпон-Атада күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ош калаасында +30...+32, ал эми Чолпон Атада +20...+22 градуска жетет.
Жайдын соңку күндөрү кандай болот? Келе жаткан аптага аба ырайы