Баланын ара төрөлүшүн шарттайт. Кош бойлуу кезде тамеки тартуунун кесепеттери

Дарыгерлер болочок эненин тамекини аз чегүүсү деле жатындагы баланын ден соолугуна чоң зыян алып келерин эскертишти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. Кош бойлуу аял тамеки чеккенде ымыркай өлүк же айына жетпей төрөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору маалымдады.
Дарыгерлердин айтымында, болочок эне чылым чеккен учурда никотин тон аркылуу ымыркайга өтүп, анын нерв системасын жабыркатат. Ал эми тамекинин түтүнү гендин түзүлүшүн өзгөртүп мутацияга алып келет.
"Ошондой эле никотин балдарда жүрөктүн тубаса кемтигин пайда кылат. Наристенин мөөнөтүнөн эрте төрөлүүсү же убагында төрөлсө да салмагы аз, дене бою өспөй жана акыл-эс жактан артта калуу коркунучу бар", — деп айтылат маалыматта.
Болочок эненин чылым чегүүсүнөн улам жатындагы бала төмөнкү терс таасирлерге кабылышы ыктымал:
бойдон түшүү жана эмбриондун өнүгүүсүндөгү кемчиликтердин пайда болушу;
чарчап калуусу;
психикалык өнүгүүсү жактан артта калышы;
менингит, кулак инфекциясы, бронхит, пневмония же астма сыяктуу илдеттерге бала кезинде да, чоңойгондо да тез кабылышы;
өпкө, кулак оорулары, аллергия жана башка онкологиялык, жүрөк-кан тамыр системасында оорулардын пайда болушу.
Дарыгерлер болочок эненин тамекини аз чегүүсү деле жатындагы баланын ден соолугуна чоң зыян алып келерин эскертишти.
Дарыгер кош бойлуулукту жеңилдетчү мөмөнү атады