Пресс-борбор

Авариялык абалдагы мектептегилер кайдан окушат? Министрликтин жообу

Эске салсак, Кыргызстанда мектеп имараттарынын коопсуздугу боюнча бир нече чатактар болгон. Мисалы, Жалал-Абадда бир билим жайынын шыбы урап түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Балдар билим алганда коопсуздугуна коркунуч жараткан имараттар пайдаланылбайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу, мектепте окутуу саясаты боюнча башкармалыктын жетекчиси Самаркүл Умралиева билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Кыргызстандагы бала бакчалар менен мектептерде коопсуздук кандай каралган?" деп аталган брифингге катышты.
Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу, мектепте окутуу саясаты боюнча башкармалыктын жетекчиси Самаркүл Умралиева
Анын айтымына караганда, июль-августта министрликтин кызматкерлери жеригиликтүү бийлик менен биргеликте имараттарга кароо жүргүзүп, мониторинг жасашкан.
"Балдар билим алганда коопсуздугуна коркунуч жараткан имараттар колдонулбайт. Булардын саны көп эмес. Андыктан бир катар аймактарда авариялык абалда турган имараттар боюнча ӨКМдин бүтүмү бар. Анткен менен балдарды жайгаштыруу керек. Билим берүү процесси үзгүлтүккө учурап калбаш үчүн айыл өкмөттөн ижарага алып окууну жүргүзүп жаткан мектептер бар. Кенже класстын окуучулары үчүн айылдагы үйлөр да колдонулууда", — деген ал.
Умралиева былтыр мектеп жана бала бакча имараттарынын коопсуздугу боюнча бир нече чатактар болгондугун кошумчалады.
"Мындай бешке жакын учур бар. Көпкө жаап туруп алган жамгырдан улам Аксы районунда мектептин чатыры ураган. Жети-Өгүздө сабак учурунда шыптан тамчы тамган учур кездешкен. Быйыл балдар мындай жайларда окубайт. Коопсуздук эрежелери катуу сакталат", — деген Умралиева.
Министрликтин өкүлүнүн айтымында, Кыргызстан боюнча билим берүү системасында авариялык абалдагы 245 имарат бар.
"Булар, маселен, имараттарга улай салынган авариялык абалда турган курулуштар, имараттын бир бөлүктөрү. Мындай жайларда балдар окутулбайт. Оңдоо иштерине акча бөлүндү. Аны менен катар Сокулуктагы оңдоп-түздөгөнгө да болбой турган имараттар бар. Мындай жерлерде балдар бөлүнгөн башка жайларда билим алат. Жаңыларын куруу маселесин Мамлекеттик архитектуралык курулуш агенттиги караштырып жатат", — деп кошумчалаган ал.
Чаткалдагы мектеп кырсыгы. Мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды