Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык полковник: Вашингтон тизгин тартпаса Украина бир топ аймагынан кол жууйт

Россия менен жаңжал канчалык созулса, Украинага келтирилген зыян ошончолук көбөйө берери айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Вашингтон аскердик жардамын уланта берсе, Украина бүтүндөй түштүк аймагынан жана Днепрдин сол жээгинен ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегордун American Conservative басылмасына жазган макаласына шилтеме жасап РИА Новости жазды.
Автор "АКШ Украинаны азыр, кеч боло электе куралдандырышы керек" деген ачык катты сынга алган. Ага дүйнөгө аты чыккан жыйырмадай америкалык жаран кол койгон. Макгрегордун пикиринде, курал-жарак жеткирүүнүн көбөйүшү жаңжалдын күчөшүнө алып келет.
"Согуштук аракеттер чечүүчү этапка жетти, эми кагылышууларды токтотуу керек. Ал эми каттын авторлору тетири демилгени көтөрүп жатышат. Алар Украинаны деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготууга алып келе турган өтө катаал стратегияны колдоп келишет", — деди адис.
Анын пикиринде, Россия менен жаңжал канчалык созулса, Украинага келтирилген зыян ошончолук көбөйө берет.
"Мунун баары 1990-жылдары Билл Клинтондун тушунда жаралган көйгөй. Россияны Европадан саясий жактан обочолонтуу саясаты туура эмес идея болгон. Жыйынтыгында Москва менен Пекиндин биримдиги пайда болду", — деп жазылат макалада.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш ЖМКсы Зеленскийди ким көзөмөлдөп жатканын ачыктады