Жер кодексине 23 жылдын ичинде 59 өзгөртүү киргизилген. Бул жер мыйзамдары заман талабына ылайыкташууга үлгүрбөй жатканынан кабар берет. Бул тууралуу Турсунбек Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.
"Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болуп, анда жер жана сууну рыноктук мамилелердин объектиси катары кароо сунушу айтылды. Учурдагы Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери 59 өзгөртүү киргизилип, жер мыйзамдары заман талабына ылайыкташууга үлгүрбөй жатканын билдирет. Учурунда жер реформасы жүргүзүлгөндө жердин 75 пайызы үлүш катары берилген. Калган 25 пайыз мамлекеттик фонддун жери катары калган. Учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо артыкчылыктуу багыт. Мына ошону ишке ашыруу максатында мамлекеттик фонддун жерлери колдонулушу зарыл. Тилекке каршы, бул жерлерге мамлекет ээлик кыла албай жатат. Себеби ал жерлерди ижарага алгандар өзүнүн менчиги катары карап жатат. Бирок ал мамлекеттик фонддун жери экенин эстен чыгарбоо керек. Себеби мамлекеттин айыл чарба багытында планы болот. Ал планды аткарууну ижарага алгандарга жүктөй албайсың. Ошондуктан бул маселелер да Жер кодексинин жаңы редакциясына киргизилип, чечүү жолдору каралышы керек. Анткени айыл чарба жерлери саналуу эле калды, ал көбөйбөйт", — деди Кубанычбеков.
Ошондой эле ал жерди трансформациялоо маселеси да Жер кодексинде каралышы ыктымал экендигин кошумчалады.