Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш ЖМКсы Зеленскийди ким көзөмөлдөп жатканын ачыктады

Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив
Журналист Батыштын украин чатагы боюнча бирдиктүү стратегиясы жок экенин баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский кандай саясий багытты тандашы керектигин АКШ, Германия жана Франциянын лидерлери чечип жатышат. Бул тууралуу Германиянын Die Welt басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новтости жазды.
"Киевдин өз тагдырын өзү чечүүгө укугу тууралуу билдирүүлөрүнө карабай Зеленский эмне кылышы керектигин АКШнын президенти Жо Байден, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Франция лидери Эммануэль Макрон чечүүдө. Бирок Украинанын башка айласы жок, анткени Батыштын каржылык жана аскердик жардамысыз ал эч нерсе кыла албайт", — деди макаланын автору Кристоф Шлиц.
Журналист Батыштын украин чатагы боюнча бирдиктүү стратегиясы жок экенин баса белгилеген.
"Вашингтон дагы деле курал-жарак жеткирүүгө аракет кылып жатканда Берлин менен Париж Киевди Москва менен сүйлөшүүгө мажбурлашы ыктымал. Мындай башаламандык ансыз да санкциялык саясатка нааразы болгон Батыш коомчулугундагы кырдаалды курчутат. Ал эми Россияга мунун олуттуу деле кесепети тийбейт", — деп жазылат макалада.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. РФ лидери Владимир Путин анын милдетин "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Президенттин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
Флаги США и Украины развеваются возле Капитолия США. Архивное фото
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
The National Interest: Украинадагы жаңжал кандай бүтсө дагы АКШ жеңилет