БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских 16 адам, анын ичинде 14 кыргызстандык набыт болгон жол кырсыктын алдын ала бир версиясын атады.
"Айрым маалыматтар боюнча, микроавтобусту сүзгөн фуранын айдоочусунун жүрөгү кармап калган. Ал кырсыкка чейин эле тирүү болгон эместигин айтышууда. Маалымат такталууда, бирок алдын ала маалымат ушундай", — деди губернатор регионду комплекстүү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйынында.
Ошондой эле Русских маркумдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, бүгүн Кыргызстанда Аза күтүү күнү жарыяланганын белгиледи. Мындан улам жыйындын катышуучулары ордунан туруп бир мүнөткө унчукпай аза күтүштү.
Белгилей кетсек, 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу автоунаа токтоп турган бустун артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам ооруканада жатат. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып, эки кат болуп калган.
Бүгүн ӨКМдин бригадасы Ульяновск облусуна атайын учак менен барып, Бишкек убактысы боюнча саат 13:10до мекендештердин сөөгүн алып жолго чыкты. Учак Ош шаарына конуп, андан ары автоунаалар менен маркумдардын сөөгү айылдарына жеткирилет.