"Кумтөрдө" финансылык мыйзам бузуулар болуп, Бөлтүрүк кызматтан четтетилди

Башкы прокуратуранын компанияны текшерүү иштерин баштаганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" компаниясында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эсептөө палатасы компанияны текшерген.
"Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды. Буга байланыштуу, "Кумтөр" компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди. "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды", — деп айтылган маалыматта.
Ал эми Теңгиз Бөлтүрүктүн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылганы да маалымдалды.
Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганы кабарланды.
"Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17,5 тонна алтын казылып алынат", — деп билдиришкен министрлер кабинетинен.
Акылбек Жапаров Кумтөр тышкы башкаруу өткөндөн кийин канча киреше түшкөнүн айтты