Сергей Бардаков улуттук орус драма театрынын директору болуп дайындалды

Буга чейин аталган искуссвто жайын Евгений Кузнецов жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору болуп Сергей Бардаков дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы директорду эмгек жамаатка министр Азамат Жаманкулов тааныштырып, алдыда жасала турган бир катар иштерди белгилеген. Анын катарында театрды оңдоп-түзөө приоритеттүү экендиги айтылды. Белгилей кетсек, 11-августта аталган театрдын директору Евгений Кузнецов кызматынан бошотулган.
Маданият министри эки музыкалык окуу жайдын директорлорун иштен алды