Облустук телеканалдардын баары УТРКнын карамагына өттү

Буга чейин региондогу телеканалдар Маданият министрлигине баш ийчү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Облустук телерадио компаниялары Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) карамагына өттү. Президент Садыр Жапаровдун бул туурасындагы жарлыгы Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.
Жарлыкта Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасын бириктирип, бардык укуктарын жана милдеттерин УТРКга өткөрүү менен кайра уюштуруу тапшырмасы берилгени айтылган.
Ага ылайык, облустук телеканалдар, Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрине бекитилип берилген чоң концерттик студия Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат.
Мындан сырткары, УТРКнын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну, ошондой эле корпорацияны техникалык модернизациялоо үчүн кошумча каражат бөлүүнү буйруган.
Маданият министрлиги РФтин 5 каналына көрсөтүүлөрүн улантууга уруксат берди