Радио

Абакирова: марафондон түшкөн каражатты кайда жумшоону эл тандайт

Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Абакирова Toyboss Snow Leopard Run – 2022 жарым марафонунан түшкөн каражат кайсы багыттагы кайрымдуулукка жумшаларын бул ирет катышуучулар чечерин айтты.
Sputnik
Уюштурулган марафондордун баарынын эле негизги максаты түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшоо болуп саналат. Ак илбирсти сактоо боюнча кезектеги жарым марафонубуздан түшкөн акчаны кайсы долбоорлорго коротууну элдин тандоосуна коелу деп турабыз. Бул тууралуу Айгерим Абакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда долбоорлорду кабыл алуу уланууда.
"Жарым марафон ушул жылдын 25-сентябрында өтөт. Ага 5000дей адам катышары күтүлүүдө. Бардык эле биз уюштурган жарыштардын максаты түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшоо болуп саналат. Бирок бул ирет кайсыл багыттагы долбоорду колдоого аларыбызды элдин тандоосуна коелу деп чечтик. Башкача айтканда, жарыштан соң биз социалдык тармактарда же башка платформалар аркылуу келип түшкөн долбоорлордун тизмеси менен маалымат жарыялайбыз. Эл өз добушун берет. Көп упай чогулткан долбоорлорду каржылайбыз. Азыркы учурда экологиялык, экосистемага көмөк көрсөтүүчү долбоорлорду кабыл алуудабыз", — деди Абакирова.
Ал эң көп добушка ээ болгон үч долбоорго каржы бөлүнөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — иш-чаранын медиаөнөктөшү.