Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Запорожье АЭСин аткылоо менен Киев Европа элин коркунучка кептөөдө

Россиянын ТИМ башчысы Франциядагы кесиптеши Катрин Колонна менен телефондон сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Запорожье АЭСин аткылоо менен Украина бүтүндөй Европа элин өзөктүк кырсыктын коркунучуна кептеп жатат. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Франциядагы кесиптеши Катрин Колонна менен телефондон сүйлөшкөн учурунда билдирди.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнү Франция тарап демилгелеген.
"Алар Запорожье АЭСинин айланасындагы кырдаалды жана МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн станцияга баруусун уюштуруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Лавров Киев бийлиги Европадагы эң ири атомдук станцияны жана анын жанындагы аймакты аткылоону улантып жатканын айтып, муну менен Европа элин өзөктүк кырсыктын жаралуу коркунучуна кептеп жатканын белгилеген", — деп жазылат маалыматта.
Министрлер эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашкан.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Киевдин өзөктүк объектилерге жасаган соккусу масштабы жагынан дүйнөнү Чернобылдагыдай каргашага түртүп жатканын Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя айткан. Киевдин мындай аракетин сынга алгандар четтен чыгууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье АЭСинин кызматкерлери Украина бийлигин ок атууну токтотууга чакырды