Латвия бийлиги Риганын коргоочуларына коюлган эстеликти алмай болду. Видео

Украинада Россиянын атайын операциясы башталгандан тарта советтик эстеликтерди жок кылуу учурлары көбөйдү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Риганын бошотуучуларынын 9 метрлик эстелиги толугу менен жана дароо алынат. Бул туурасында Латвия борборунун аткаруучу директору Янис Ланге билдирген.
Ал эстеликти алууда жардыруучу каражаттар колдонулбай тургандыгын айтканын Sputnik Ближнее зарубежье BALTNEWS ресурсуна таянып кабарлады.
Бүгүн Жеңиш аянтына анын жанындагы бассейндеги сууну сордуруу үчүн атайын техниканы жеткиришерин айтышты. Ланге, андан сырткары, монументтин фрагменттерин майдалаш үчүн курулуш аянтчасы орнотуларын айткан.
Украинада Россиянын атайын операциясы башталгандан тарта советтик эстеликтерди жок кылуу учурлары көбөйдү.
Путин неонацизм менен расизмдин жайылышына катаал чара көрүүгө чакырды