БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны былтыркыдан эки эсе көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети Чек ара кызматына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-июнь айларынын аралыгында 2,6 миллион чет элдик жаран өлкө аймагына кирген. Анын ичинен 97 пайызы КМШ өлкөлөрүнүн тургундары, басымдуу бөлүгү Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан келишкен.
Мындан башка мамлекеттерден келгендердин саны 74 миңден ашкан. Алардын көпчүлүгүн Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Аравиянын жарандары түзөт.
Ошондой эле Кыргызстанда туризм чөйрөсүнө байланышкан ишкердик менен алектенген 100 миңден ашык юридикалык жана жеке жактар катталган. Субъектилердин 87 пайыздан ашыгы — жеке ишкерлер.
Алдын ала баалоо боюнча, январь-июнда туризм тармагындагы акча айлануу 10 миллиард сомдон ашып, ички дүң продукциянын 3,1 пайызын түздү.