Бүгүн мекендештерин жоготкон Кыргызстан эли аза күтүп жатат

Маркумдардын сөөгү бүгүн мекенине алып келинип, жерге берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ульяновск облусундагы карагашада 14 мекендештин набыт болгонуна байланыштуу бүгүн Кыргызстан эли аза күтүп жатат.
Президент Садыр Жапаров жарлык чыгарып, 23-августту аза күтүү күнү деп жарыялаган. Бул күнү өлкөнүн бүт аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туусу ылдый түшүрүлөт.
Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.
Белгилей кетсек, 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган бустун артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам ооруканада жатат. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган. Кырсыкка кириптер фуранын айдоочусу да каза болду.
Бүгүн ӨКМдин бригадасы Ульяновск облусуна барып мекендештердин сөөгүн атайын борт менен алып келет. Учак Ош шаарына конуп, андан ары унаа менен айылдарына жеткирилет.
Ульяновскиде каза болгон 14 кыргызстандыктын аты-жөнү, жердиги жарыяланды