Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Аталган окуу жайды буга чейин Канат Садыков жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине ректор болуп Төлөбек Абдырахманов дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Аталган окуу жайды буга чейин Канат Садыков жетектеп келгени маалым. Ал 2017-жылы апрелде ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалып, май айында бекиген.
Ал эми Абдырахманов Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болчу.
Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болду