Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: Киевге коопсуздук кепилдигин РФ менен түзүлгөн макулдашуу гана бермек

Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчиси Андрей Ермак Украина үчүн коопсуздук кепилдигинин маселелери боюнча сунуштар камтылган алгачкы документ тууралуу жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Украинага коопсуздук кепилдигин Россия менен түзүлгөн макулдашуу гана бермек, бирок Киев бийлиги андан баш тартып койду. Мындай билдирүүнү РФ Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев жасаганын РИА Новости жазды.
"Коопсуздук кепилдигин Россия менен эпке келип түзүлгөн макулдашуу гана бермек, бирок Батыштын акчасы жана куралына алданган украин бийлиги андан баш тартты. Өлкөнүн башында тургандар коопсуздукту эч ким кепилдебей турганын мыкты түшүнөт. Зеленскийге аны АКШдагы санаалаштары да бере албайт, анткени Америка өзүнүн керт башын гана ойлойт", — деди Медведев өзүнүн Telegram каналында.
Эскерте кетсек, буга чейин Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчиси Андрей Ермак Украина үчүн коопсуздук кепилдигинин маселелери боюнча сунуштар камтылган алгачкы документ тууралуу жар салган. Анын айтымында, Зеленский бул документти "жаңы дүйнөлүк коопсуздук системасынын негизи" катары сунуштоодо
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинадагы абалдын курчуп кетишинен кооптонууда