БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. УКМК "Инфоком" ишканасынын Жалал-Абад облусундагы Калкты тейлөө борборунун кызматкерин кармады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Билдирмеге караганда, Калкты тейлөө борборунун С.Б.Б. аттуу 41 жаштагы кызматкери Кыргызстандын улуттук паспортторун мыйзамсыз берүү, системалуу түрдө пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча колго түшүрүлгөн.
"С.Б. жашы жете элек балдарга 2021-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту мыйзамсыз тариздөө, берүү жана балдарды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1 000 сомдон 15 000 сомго чейин алып турган. Башкача айтканда, акчаны системалуу түрдө алуу үчүн коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Ошондой эле ортомчулардын жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргызстандын чегинен тышка алып чыгуу үчүн анын ата-энесинин биринин атынан жарандык паспорт алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.