Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болду

Буга чейин министрдин ордунда Жаркынбек Касымбеков убактылуу отурган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Баатырованын талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иш козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин аталган кызматты убактылуу Жаркынбек Касымбеков аркалап турган. Ал үч айга чукул убакыт иштеп, Бейшеналиев жапкан жеке менчик окуу жайларды жана клиникалардын кайра иштешине уруксат берүү менен эсте калды.
Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган. 2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеген.
Соңку убактарда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенген.
Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалык" комплексинин директору болду