Гүлнара Баатырова — өмүр баяны

Гүлнара Баатырова 1963-жылы 29-октябрда туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
1986-1988 — Бишкек шаарындагы №2 клиникалык ооруканасында дарыгер-ординатор;
1988-1993 — Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда терапевт;
1993-1997 — Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы терапевттик бөлүмдүн башчысы;
1997 – 2001 — Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы;
2001 – 2013 — Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;
2013 — Саламаттык сактоо министрлигиндеги медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы;
2004-2011 — Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кеңештин төрайымы;
2011-2021 — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү;
2022-жылдын 23-августунан тарта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 7-сентябрда парламент анын талапкерлигин колдоп, 9-сентябрда президент Садыр Жапаров министр кылып бекиткен;
2023 — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.
Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоонун мыктысы аталып, Жогорку Кеңеш, БШКнын Ардак грамоталарын алган.