БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Электр энергиясын чексиз колдонгондор үчүн тариф бир киловатт-саатка 5,04 сом деп сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору өкмөттүн коомдук талкуусуна коюлган.
Мындай демилгени сунуштаган Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети энергетикалык ишканалардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү болсо керектөөчүлөр электр энергиясын чектөөсүз пайдалана алышарын (майнингден башка) белгилеген.
"Ошол эле учурда бул электр энергиясы менен камсыздаган уюмдарга кошумча киреше алууга мүмкүндүк берет. Ал каражат Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүү үчүн отун сатып алууга жана импорт боюнча чыгымдарды жабууга жумшалат", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин энергетика министри Кыргызстанда жакынкы күндөрү колунда бар адамдар үчүн электр энергиясын чексиз колдонууга өзүнчө тариф киргизиле турганын, "үйүмө 10 киловатт жетпей жатат, 20 киловатт кылып кошуп бергиле, көмүр сатып албай электр энергиясы менен жылытам десе 5,4 сомдон төлөп пайдалана берсин" деп айткан. Калк үчүн жөнөкөй тариф азыркы тапта 0,77 сом.