БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Баланы тамактандырып жатканда мультфильм коюп берүү туура эмес. Себебин РИА Новости агенттигине берген маегинде клиникалык психолог Наталья Фомичева түшүндүрдү.
Адистин айтымында, учурда адам баласынын ден соолукка байланыштуу олуттуу көйгөйлөрүнүн бири — тамакка нык тоюп алуу.
"Кайсы учурда адам тамакты ашыра жеп алат? Телевизор, смартфонду тиктеп отурганда же компьютерде иштеп жатканда киши тамакты көрүп-көрбөй жей берет дагы, ашказанга канча тамак киргендиги тууралуу мээге маалымат барбайт. Ошол сыяктуу эле балага мультфильмге алаксытып коюп тамак берүү чоң жаңылыштык. Ал тамактын ченин билбей, кийин дагы абдан кыйналышы мүмкүн", — деди психолог.
Ошондой эле ал ачкалыкты психологиялык жана физиологиялык деп экиге бөлдү.
"Адамдын чындап карды ачып, организм тамак талап кылган учурда ага эмне жей турганы маанилүү эмес. Негизгиси, курсак тойсо болду. Ал эми капысынан шоколад же шиш кебек жегиңиз келсе, бул жөн гана психологиялык фактор, башкача айтканда, "эркелик". Ашказандын эмес, көңүлдүн каалоосу. Мындай учурда эч нерсе жебей койсо болот", — деди адис.
Мындан тышкары, ал тамакты аз-аздан болсо дагы басып-туруп жей берген катачылык экенин кошумчалады. Анда киши тойгонун байкабай ого эле көп жеп коюшу мүмкүн.