Бишкекте “Тазалыктын" белгиси түшүрүлгөн 40ка чукул жаңы урна орнотулат

Мэрия шаардыктардан "Тазалыктын" кызматкерлеринин эмгегине аяр мамиле жасап, таштандыларды туш келди ыргытпай урналарга салууну суранат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Борбор калаада “Тазалык” ишканасынын белгиси түшүрүлгөн жаңы таштанды челектер пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Алар Иса Ахунбаев көчөсүнө (Манас проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин) орнотулмакчы.
Борбор калаада “Тазалык” ишканасынын белгиси түшүрүлгөн жаңы таштанды челектер пайда болот.
"Биринчи этапта 40 урна жасалган. Аларды 25-августта жогоруда айтылган көчөнү бойлой жайгаштырабыз. Келечекте жөнөкөй урналарды акырындык менен заманбап жана ыңгайлууларына алмаштыруу пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул идея “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине таандык, урналар ишкананын базасында жасалып жатканын айтышты.
Мэрия шаардыктардан кызматкерлердин аракетине аяр мамиле жасап, таштандыларды ар кайсы жерге ыргытпай урналарга салуусун суранат.
"Тазалык" ишканасы жумушчу издөөдө. Айлыгы 20 миңден жогору