БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Адам өлүмү көбүнчө таңкы саат 4-5терде көп катталарын кардиолог Юрий Серебрянский URA.RU басылмасына берген маегинде айтып берди.
Дарыгер бул көрүнүш организмдин биологиялык ритмине байланыштуу экендигин түшүндүргөн, себеби таңга маал жүрөктүн иштеши жайлайт.
"Терең уйкудан ойгонордо вегетативдик нерв системасынын бир бөлүгү активдешет. Ошол маалда организмдеги системанын иштеши үзгүлтүккө учурайт. Капысынан келген же күтүлбөгөн өлүм көбүнчө ушул учурларда катталат", — деген Серебрянский.
Ошондой эле аритмия, гипертония менен жабыркагандардын абалы таңга маал кескин начарлап кетери айтылган. Ошондуктан адис бул сааттарда нөөмөттөгү медицина кызматкерлери өзгөчө кылдат болушу абзел экендигин эскерткен.
"Бул сааттарда түнкү сменде турган медайымдар бейтаптарга дыкат көз салып, уктабашы керек", — деген кардиолог.
Адам өлүмүнө алып келген дагы бир жүрөк оорусунун белгиси — таң алдындагы коңурук. Адис адатта бул нерсеге көңүл бурулбай каларын, бирок адамдар ага маани берип, дарыгерге кайрылчу себеп экендигин кошумчалаган.