Кыргызстандык Абдувалиев Словакияда триатлон боюнча дүйнө чемпионатына катышты

Көзү азиз спортчу жандоочусу менен 100 чакырым аралыкты басып өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандык паратриатлет Жалалдин Абдувалиев Словакиянын борбору Братислава шаарында өткөн триатлон боюнча дүйнө чемпионатына катышты. Бул туурасында уюштуруучулардын World Triathlon сайтында маалымдалды.
Кыргызстандык паратриатлет Жалалдин Абдувалиев Словакиянын борбору Братислава шаарында өткөн триатлон боюнча дүйнө чемпионатына катышты
Көзү азиз спортчуну триатлет-ironman Мырзабек Орумбаев жандап жүргөн. Алар эки чакырымга Дунай дарыясынан сүзүп, велосипед тээп 80 чакырым жүрүп, 18 чакырымга чуркашкан. Жалпысынан 100 чакырым аралыкты басып өтүшкөн. Натыйжада кыргызстандыктар финишке 5 саат 29 мүнөт 38 секундада келишкен. Абдувалиев катышкан категорияда башка атаандаштары болгон эмес, мындан улам ага биринчи орун ыйгарылган.
Жалалдин Абдувалиев — триатлон боюнча КРдин эл аралык класстагы чебери. Көптөгөн көзү азиз кыргызстандыктардын насаатчысы.
Жандап жүрүүчүнүн милдети — спортчу менен кошо чуркап, ага багыт берип жүрүп отурат. Ал үчүн жиптин бир учун спортчу, экинчи учун профессионал коштоочу кармап алат. Бул жерде жандап жүрүүчү негизги спортчу сыяктуу эле аралыкты кошо чуркап же басып өтөт.
Испания: дуатлон боюнча чемпионатта Абдувалиев күмүш медаль утту. Сүрөт