"Үмүт и Ко" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири эки айга камалды

Ишкер 19-октябрга чейин камакта болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. "Үмүт и Ко" ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ж.Т. Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Соттун чечими менен ишкер 19-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Эске салсак, Бишкекте курал-жарак жана жарылуучу каражаттарды мыйзамсыз сактоого шектелип "Үмүт и Ко" ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири А.Ж.Т. кармалган.
Атайын кызмат билдиргендей, 52 жаштагы жарандын иштеген жана жашаган жерин тинтүүдө атайын сооттолгон БРДМ-2 машинасы, 7,62 калибрлүү "Калашников" танк пулемёту менен, мындан сырткары, куралдар, ок-дары, жарылуучу каражаттар (Ф-1 гранатасы), сайсыз мылтык жана желим ок атуучу, сатууга тыюу салынган түрдүү калибрдеги куралдар алынган.
УКМК БРДМ-2 техникасы кандайча ишкердин колуна өтүп кеткенин түшүндүрдү