Ульяновскидеги кырсыктан жаракат алган үч адам да кыргызстандык экени айтылды

Буга чейин мертинген 14 мекендештен сырткары дагы үч адам оор абалда ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ульяновск облусундагы үрөй учурган кырсыктан жаракат алган үч адам дагы кыргызстандык экени аныкталды. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Абалы дагы деле оор бойдон калууда. Үчөө тең облустук ооруканада жатышат. Керектүү медициналык жардам толугу менен көрсөтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган. Кырсыкты шарттаган фуранын айдоочусу да каза болгону айтылды.
Соцтармакка тараган видеодо мекендештер миграциялык документтерин иретке келтирүү үчүн чек арадан чыгып, кайра кирип келе жатышканын айтышууда. Маркумдардын аты-жөнү такталып жатат.
14 кыргызстандыктын өлүмү: маршрутканы сүзгөн фуранын айдоочусу да каза болду