БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россиянын Ульяновск облусунда микроавтобусту артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унанын айдоочусу да каза болгону аныкталды. Бул туурасында РИА Новости ИИМдин аймактагы башкармалыгына таянуу менен жазды.
"Оор жүк ташуучу унааны өз убагында токтото албай каргашанын келип чыгышын шарттаган айдоочу дагы мерт болду", — деп билдирген аймактык милиция.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.
РФтеги Кыргызстандын элчилиги, консулдуктун кызматкерлери учурда Ульяновскиде жүргөндүгүн билдирди. Элчилик каза тапкан, жарадар болгон кыргызстандыктардын жакындары үчүн +7 (926) 861 50 98 номерлүү түз байланыш телефонун уюштурду.
ТИМде да түз байланышуу үчүн +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) телефон номерлери иштеп жатат.