Кырчын өмүрлөр... Ульяновскиде набыт болгон кыргызстандыктардын жаш курагы

Кырсыктын кесепетинен эки айдоочудан сырткары жүргүнчү болуп бараткан беш аял, тогуз эркек мерт болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россия ИИМинин Ульяновск облусундагы башкармалыгы ири жол кырсыктан каза болгон 16 адамдын өздүгү тууралуу маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, кичи автобусту сүзгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 64 жаштагы киши, ал эми Mercedes-Benz үлгүсүндөгү маршрутканы 44 жаштагы жаран башкарып бараткан. Эки айдоочу тең мүрт экен. Көз жумган 14 кыргызстандыктын баары кичи автобустун ичинде отурганы белгилүү болду.
Набыт болгон беш аял 31, 27, 46, 24, 42 жашта, ал эми тогуз эркек 36, 32, 46, 22, 23, 25, 23, 44, 26 жашта экени аныкталган.
Мындан сырткары, 41 жаштагы аял, 21 жана 29 жаштагы жигиттер оор абалда ооруканага жеткирилген. Алар дагы кыргызстандык жүргүнчүлөр болуп чыкты.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп, 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.
Жапаров РФте автокырсыктан көз жумгандардын сөөгүн алып келүү боюнча тапшырма берди