БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Украинадагы жаңжалдын жыйынтыгы кандай болбосун, АКШга пайда алып келбейт. Бул тууралуу The National Interest басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Украина жаңжалы кандай аяктаса дагы АКШ стратегиялык жеңилүүгө дуушар болот. Россия Кытай жана Евразия континентинин башка өлкөлөрү, тагыраагы, Индия, Иран, Сауд Аравиясы жана Перс булуңу менен мамилесин сактап калат", — деп жазат басылма.
Автор Рамон Маркстын айтымында, АКШнын президенти Ричард Никсон менен мамлекеттик катчы Генри Киссинджер кансыз согуш учурунда Советтер Союзун изоляциялоо үчүн Кытайды пайдаланууга аракет кылган. Бирок бул ирет Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин Вашингтонду ээрден кулатуу үчүн өз эрежелери менен ойноп жатышат.
Макалада жазылгандай, жакынкы жылдарда Пекин менен Москва эки өлкөнүн ортосундагы мунай жана газ ташуу жолдорун кеңейтүүгө чоң инвестиция салышат. Бул Россиянын Кытайга күйүүчү майдын негизги жеткирүүчүсү болууга мүмкүндүк берет.
"Россия Индия менен дагы энергетика тармагындагы бизнесин кыйла кеңейтти. Бул өлкөгө россиялык күйүүчү май сатуунун көбөйүшү АКШ, Австралия жана Япониянын Делиге жакындоо аракетине зыянын тийгизет", — деп жазат журналист.
Автордун пикири боюнча, АКШ үчүн дагы бир көйгөй Россияга каршы санкциялардын таасири болду. Анткени энергетика тармагындагы чектөөлөр Европаны алсыратты. Брюссель азыр экономикалык кесепеттер менен күрөшүүгө аракет кылып жатат.
Макаланын соңунда автор АКШ мындан ары дүйнөдөгү жалгыз үстөмдүк кылчу держава эмес деген тыянакка келди.