УКМК ишкер Абдуллаевдин иш бөлмөсүн тинтүү учурундагы видеону таратты

Ишкер 19-октябрга чейин Мамлекеттик комитеттин тергөө абагына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүн тинтүү учурундагы видеону көрсөттү.
Буга чейин ишкерден 822 миллион сом конфискацияланган. Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча текшерүүдөн кийин ар кандай калибрдеги ок-дары жана эки граммдан ашык баңгизат табылган.
Буга чейин УКМК Абдуллаевди "Үмүт и Ко" компаниясынын ээлеринин бири катары көрсөтсө, азыр ал кожоюн деп аталууда. Мындан тышкары, "Гавайи" эс алуу борборуна ээлик кылат. Ишкер өткөн аптада ок атуучу курал жана жардыруучу заттарды сактаган деген шек менен кармалган. Андан БРДМ-2 машинасы 7,62 калибрлүү "Калашников" танк пулемёту менен, мындан сырткары, куралдар, ок-дары, жарылуучу каражаттар (Ф-1 гранатасы), сайсыз мылтык жана желим ок атуучу, сатууга тыюу салынган түрдүү калибрдеги куралдар алынган.
Соттун чечими менен Журат Абдуллаев 19-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
УКМК БРДМ-2 техникасы кандайча ишкердин колуна өтүп кеткенин түшүндүрдү