"Тазалык" ишканасы жумушчу издөөдө. Айлыгы 20 миңден жогору

Кошумча маалымат алыш үчүн (0555) 88-99-80 телефон номерине чалууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жумушчуларды ишке алып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жумушчу күнүгө иштеши керек. Графиги сүйлөшүү учурунда чечилет. Айлык маянасы — 20 миң сомдон жогору.
"Ишканада 20 жаштан 50 жашка чейинкилер иштей алат", — деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат алыш үчүн (0555) 88-99-80 телефон номерине чалууга болот.
Иштебегендерге айлык төлөнчү. УКМК "Тазалыктагы" коррупцияны аныктады