Таласта токойдо жоголуп кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Окуя 21-август күнү Манас районунун Бала-Саруу айылында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Талас облусунда токойдо жоголуп кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-август күнү Манас районунун Бала-Саруу айылында эс алууга чыккан учурда болгон. М.М. аттуу кыз дайынсыз жоголуп кетип, кийин анын уюлдук телефону табылган.
Издөө иштерин жүргүзүүгө 19 куткаруучу, ИИМдин 38 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылган.
Бүгүн эртең менен өспүрүмдүн сөөгү табылганы маалымдалды.
Ала-Арча дарыясына агып кеткен 21 жаштагы кыздын сөөгү табылды